super.kg logo

Орусияда жолдон өтүп бара жаткан кызга бычак сайган адамды үй камагына чыгарышкан. Эми ал чогуу жашаган аялды бычактап өлтүрдү

 
Виктор Блинов
Ирина Олимская
Марина Сазанова

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында 49 жаштагы Ирина Олимская аттуу аял бычакталып каза болду. Карантин учурунда аны Виктор Блинов аттуу чогуу жашаган адам бычактаганын орусиялык басылмалардын бири жазды.

Виктор Блинов февраль айында көчөдөн өтүп бара жаткан кызга бычак сайып жиберген. Анда анын курмандыгы 25 жаштагы Марина Сазанова болгон. Ал күнү Сазанова курбусу менен аллеяда сейилдөө үчүн бара жаткан. Күтүүсүз жерден бөйрөк тушуна бычак сайылган. Сазанова аман калган, буга чейин ал көркөм гимнастика менен алектенген спортчу болгон. Эми ал спортко кайта албай тургандыгы жазылат маалыматта.

"Эртеси тартип сакчылары Виктор Блиновду кармап кетишкен. Тергөөдө ал күнөөсүн моюна алып, төмөнкүдөй көрсөтмө берген: "Ошол күнү чогуу жашаган Ирина Олимская менен уруша кеттик, ачуумдан улам көп ичип алыптырмын. Ачуум келип эмне кылып жатканымды билбей, өзүмдү башкара албай калдым", - деген ал.

Бирок сот аны тергөө абагына эмес, үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган. Буга соттук отурумга келгендердин көбү нааразы болушкан.

Блинов 51 жашта, дүкөндөргө нан ташып иштейт. Психикалык жактан жабыркагандардын каттоосунда жок. 1990-жылдары уурулук фактысы менен соттолгондугу аныкталган.

Анын жолдон өтүп бара жаткан кызга бычак сайганы боюнча ишти караган сотко прокуратура да, тергөөчүлөр да, жабыркаган тарап да шектүүнү камакка алууну сунушташкан. Бирок сот аны үй камагына чыгарып жиберген.

"Карантинде буга чейин чогуу жашап жүргөн Ирина Олимскаянын батиринде болушкан. Бирок экөөнүн ортосундагы чыр күндөн-күнгө күчөй берген. Блинов менен Олимская соттук процессте Олимскаянын берген көрсөтмөлөрү боюнча да жаңжал чыккан. Катуу чыр чыгып, Олимская кыйкырып жардам сурай баштаганда коңшулары полиция чакырган. Бирок кеч болуп калган эле, Блинов анын моюнуна бычак сайып өлтүргөн", - деп айтылат маалыматта.

Жабырлануучу Марина Сазанова болсо соттун бул чечимин туура эмес деп эсептей тургандыгын, ал бул чечими үчүн жооп бериши керектигин билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
15.04.2020. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Уй камагы деп женил желпи жазаларга берилиши керек. Мисалы бироону согуп койдун, жаактан ары бир шапалак тарттын. Мына ушул сыяктууларга.

Ал эми катуу ур-токмокко алган, курал колдонгон, зордуктаган, ири суммада акча уурдагандарды уй камагына чыгаруу туура эмес! Бизде да соттор чекеден сатылма. Бизде тоок, козу, телефон уурдагандар кармалып соттолот, камалат, миллион-миллиардды уурдагандар уй камагына чыгарылып, соту 3-5 жылга уланып акыры акталып чыгышат же кичине штраф толошот.
Ozon түзөттү 2020-04-15 14:09:44
15.04.2020. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде озу биринчи соттордун озун камаш керек. Сот, прокурорлордун 99%ти паракор. Башканы коюп Кадыржан Батыровдун камакка алынган мулктору бошотулуп, Салижан Шариповдун аиына отуп кетти, якобы Кадыржандын аялы Салижанга сатты болуп.

ЖЭБ боюнча соттун окуму чыкты, уурдалган тонолгон 200 миллион доллардын 2 миллионун да сот Окмотко ондуртуп берген жок! Жок ошол 200 миллион доллар орду тубу менен. Кошо уурлашкан ТВЕАдан бироо да жоопко тартылган жок! Ушулбу адилеттуулук?!
15.04.2020. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми сот туура эмес чечими учун жоопко тартылат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: