"Кыргызстан" фракциясы апрель-май айынын айлыгынан баш тартуу чечимин кабыл алганы айтылды
"Кыргызстан" фракциясы апрель-май айынын айлыгынан баш тартуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Канат Исаев билдирди.
"Жогорку Кеңештин депутаттары четте карап турбашыбыз керек. "Кыргызстан" фракциясы апрель-май айынын айлык маянасынан баш тартуу чечимин кабыл алдык. Биздин демилгени колдоого алууну башка фракцияларды дагы чакырабыз. Өкмөт дагы чыгымдарды кыскартышыңар керек", - деди Исаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:55
2025-07-10

Рейтинг:
2

