"Ак шумкарлардын" мурунку оюнчусу Рустам Закиров мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасынын мурунку оюнчусу, бишкектик "Илбирс" футболдук клубунун балдар машыктыруучусу жана белгилүү футболчу Рустам Закиров 30 жашында бүгүн, 15-апрелде мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан кабарлашты.
Рустам Закиров белгилүү машыктыруучу, кочкор-аталык "Нефтчи" футболдук клубунун башкы машыктыруучусу Нематжан Закировдун уулу.
Ал Улуттук курамада 2007-2010-жылдары ойногон.
Рустам Закиров канттык "Абдыш-Ата" клубу менен КПЛдин (Кыргыз Премьер-Лигасы) коло жана күмүш байгесин жеңген. Ушул эле клуб менен Кыргызстан Кубогунун 3 жолку ээси болгон.
2012-жылы бишкектик "Алга" клубуна кошулуп, ошол эле жылы КПЛдин күмүш байгесин жана 2014-жылы коло байгесин жеңип алган.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Рустам Закировдун көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Топурагы торко болсун.
Аз омур сурсо дагы,ийгиликтерди жаратып кетиптир.
Билип билбей кылган куноолорун кудайым кечирген болсун.Бейиштен орун насип кылган болсун.
Намаз окуш керек жашбы каарыбы качан олоорубузду билбейбиз.
Билбегенден кийин уят болуп коментарий жазбай эле койгула да. Туп туура жазылган.
А тема боюнча, эмнеден улам каза болуптур?