super.kg logo

"Ухан вирусу": Коронавирус жуктуруп алгандардын саны 2 миллиондон ашты

 

16-апрелге карата дүйнө жүзүндө коронавирус оорусун жугузгандардын саны 2 миллион 62 миң 485 кишиге жетти. Алардын 511 миң 843 жараны айыгып, ооруканадан чыкса, 136 миң 908 бейтап каза болду.

АКШда 637 миң 716 бейтап оору менен күрөшүүдө. Анын 52 миң 619 жараны айыкса, 30 миң 826 бейтап көз жумду.

Испанияда 180 миң 659 адам коронавирус жуктурганы аныкталып, 70 миң 853 бейтап ооруну жеңген, тилекке каршы 18 миң 812 бейтап дүйнө салды.

Италияда болсо, 165 миң 155 адамдан коронавирус аныкталып, 38 миң 92 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылса, 21 миң 645 жаран каза болду.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: