super.kg logo

Муктаж болгон үй-бүлөлөргө тамак-аш азыктарын сатып алуу үчүн 200 миллион сом бөлүндү

 

Муктаж болгон үй-бүлөлөргө тамак-аш азыктарын сатып алуу үчүн 200 миллион сом бөлүндү. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Чечимге ылайык, Каржы министрлиги өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал мезгилинде турмуштук оор абалда калган жарандарды тамак-аш азыктары менен камсыздоо иш-чараларына 200 миллион сом өлчөмүндө акча каражатын бөлдү.

"Бул чечим калктын социалдык жактан аярлуу катмарына кирген жарандардын коронавирус инфекциясынын жайылуу шарттарында колдоо максатында кабыл алынды. Каржылоо "Кыргыз Республикасынын 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" өлкө мыйзамында каралган мамлекеттик бюджеттик резервинин каражаттарынын алкагында жүргүзүлөт.

Аймактардагы тийиштүү гуманитардык жардамды бөлүштүрүү үчүн өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жеке жоопкерчиликти алат", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
16.04.2020. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чондор жеп эле онуп калыпсынарда 200миллондун бир 10пайызы карапайым элге бересинерда калганын биздин тойуп жарылбас чиновниктердин чонтогуно кирет
16.04.2020. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
200миллон 6 миллион элге болсо 3миллон 300миндин тиймек экен, эми элестеткили ошончо акчага продукта кылганына, Чиновниктер эч ойлонбойт экенсинерда Кыргызстан силердин айынардан онукпой атат
16.04.2020. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nurik1988,кокууй мектепти кантип бутурдун эле дос? Эмне деп эле эсептеп койдун? 200 миллионду 6 миллионго болсон 30 сомдон эле тийет сен эмне деп жазып койгонсун?
16.04.2020. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kuttubekuzgen,6миллиондун баары эле муктаж уй було эмес да негизи. Чиновниктерди, бизнесмен, депутаттарды кемитип, Жок дегенде 3миллион элге жардам бергенде деле, ар бир уйдо минимум 4-5 кишиден жашайт. Ошондо ар бир семьяга 1л май, 1пачка чай, 1кг дан макарон, рис, картошка, пияз кылып таратып берсе кана. Учетун айылдыкы экен деп шаарда квартирада тургандарга бербей эле уйлуу жайлуу жетиштуу жашагандар мешок ун алып жатат
16.04.2020. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсы шар,райондорго таркатсанар элге отчет катары килограммдары менен,кочонун,уйунун номерин жазып чыгаргыла!
Adil18 түзөттү 2020-04-16 18:06:32
16.04.2020. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу убакка чейин бир кишинин жардам алдым дегенин коро уга элекмин.Окмот деле канча жардам бердик дегендер деле жардам берип атабыз дейт.Кимдер алып атат кунуго эле ар кимдин жардам сураган видеосу чыгат
16.04.2020. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жардам келип жатат, озубуздон болунуп жатат деген цифраларды гана корбосок карапайым калкка жетпээри айдан ачык. Канчалаган уй-булоолор ай талаада, ичеерге тамагы жок жашоо кечируудо, аларды кайдан ойломок эле биздин чондор. Ач бала менен ток бала ойнобойт деген жашоо и все
16.04.2020. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизге окшоп, шаарда батирде жашап, такси кылып жанын баккан үй-бүлөлөргө да бергиле.
16.04.2020. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жардам деп берип жатышат бүт эле жакшы жашагандар алып жатышат,ошол жагын карап чыныгы муктаж адамдарга берсеңер жакшы болмок, бизде мисалы жакшы жашап эки үчтөн машинасы бар, тиричилиги тың адамдар алышты
17.04.2020. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура жалан жетиштүү жашаган үй бүлөлөр алып жатат чындыгында кыйналып жашагандар эч нерсе албай эле Мен Караколдун жаны конуштарынын биринде жашайм жетишпегендер албай эле эн сонун жашагандар улам улам алып атышат биякта деле тааныш билиш болуп атат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: