super.kg logo
  Спорт  

"Бавария" футболдук клубунун оюнчусу машыгууга башка унаа айдап келгендиги үчүн айып төлөйт

 

Франция курамасынын жана германиялык "Бавария" футболдук клубунун жарым коргоочусу, 23 жаштагы Кингсли Коман машыгууга башка унаа айдап келгени үчүн айып төлөйт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, "Бавария" клубу чакан топто машыгууларын баштаган. Аталган клуб "Audi" автомобиль компаниясы менен биргелешип иштешет. Клубдун оюнчулары команда жайгашкан жерге ушул компаниянын унаасы менен келиши керек. Акыркы машыгууга футболчу Mclaren үлгүсүндөгү унаа менен келген. Бул үчүн "Бавария" клубу футболчуга 50 миң евро айып салган.

"Мен клубумдан жана "Audi" компаниясынан машыгууга башка унаа менен келгендигим үчүн кечирим сурайм. Башка унаа менен келгенимдин себеби "Audi" үлгүсүндөгү унаамдын капталдагы күзгүсүн сындырып алгам. Күнөөмдү мойнума алам", - деген футболчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
18.04.2020. 01:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
барыбир Бавария мыкты клуб быйыл Тимо Вернерди сатып алса жакшы болмок ортолук коргочу Упемеканону алса дагы кучойт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: