super.kg logo

Индияда 21 моряк коронавирус жуктуруп алды

 
Индиянын Мумбай шаарында жайгашкан Ангр аскер-деңиз базасында 21 моряктан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
"COVID-19 вирусун жуктуруп алгандардын ичинен 20 моряк "INS Angre" базасынан. Алардын көбүндө оору эч кандай белгилери жок өтүп жатат. Алгач вирус 7-апрелде бир моряктан чыккан. Азыркы тапта алар катнашта болгон адамдар табылып, обсервацияга алынган", - деп жазылат маалыматта.
Азыркы тапта база толугу менен изоляцияга алынган. Кемелерде жана суу алдында жүрүүчү кемелерде коронавирус каттала элек.
Өлкөдө жалпы 14 миң 378 адам вирус жуктуруп алган, 1 миң 991 бейтап оорудан айыгып чыккан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: