Орусия: Жеңиш чокусуна бараткан орусиялык альпинист жоголду
Кыргызстандагы эң бийик жер - Жеңиш чокусуна чыгып бараткан орусиялык альпинист
дайынсыз жоголду. Бул тууралуу Орусиянын маалымат булактары жарыялашты.
Альпинист Владимир Петлицкий аталган чокуну багындыруу аракетин
7-августта баштаган. Жарым жолго жеткенде аба ырайы бузулуп, 5800 метр бийиктикте жайгашкан
үңкүрдө калыптыр. Башка альпинисттер
артка кайтышкан. Маалыматтарга ылайык: "Петлицкий 22-августта туугандарына байланышка чыкмак” деп айтылууда. КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине байланышсак, мындай маалыматтан кабарсыз экендиктерин билдиришти. “Бизге альпинист жоголду деп эч ким кайрылган жок”,- деди ӨКМдан Ыкыбал
Абдираимова.
Автор: Ширин Жумадилова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.