super.kg logo

Казакстанда сутка ичинде 60 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды

 

Сутка ичинде Казакстандын Алматы шаарындагы борбордук ооруканасынын 60 кызматкери коронавирус менен жабыркаганы белгилүү болду. Мындай статистиканы аталган өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Елжан Биртанов билдирди деп жазышат басылмалар.

"Сутка ичинде республика боюнча 97 кишиден коронавирус аныкталды. Алардын эң көбү, тагыраагы, 82си Алматы шаарында катталды. Ооруга кабылгандардын 60ы борбордук клиниканын медицина кызматкери.

Бүгүнкү күнгө карата стационарларда жаткан бейтаптардын ичинен 258 жарандын абалы орто оор деп бааланууда. Анын 32синин абалы өтө оор", - деп айтылат маалыматта.

Казакстанда 21-апрель саат 10:00гө карата коронавирус менен ооругандардын жалпы саны 1 миң 949га жетип, анын 447си айыкты. Каза болгондордун жалпы саны 19.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: