super.kg logo

Ош шаарынын мэри: "Шаарда 28 миң 62 жеке ишкана болсо, анын ичинен 27 миңден ашууну иштебей турат"

 

Бүгүн, 22-апрелде Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов аймактардагы абал тууралуу онлайн маалымат жыйын берди.

Жыйында Ош облусу жана Ош шаары боюнча сутка ичинде 7 мыйзам бузуу катталып, аларга карата протокол түзүлгөнү айтылды. Коменданттык сааттын эрежелерин бузгандардын арасында мас абалында автоунаа айдагандар болгон эмес.

Мындан тышкары мэрге "Эпидемиологиялык абалга байланыштуу күтүлүп жаткан экономикалык каатчылыкка карата Ош шаарында кандай аракеттер көрүлүп жатат?" деген суроо узатылды.

"Коронавирустан улам жаралган экономикалык каатчылык бир гана Кыргыз өлкөсүндө эмес, бүткүл дүйнө жүзүндөгү көйгөй болуп жатат. Буга байланыштуу өкмөттүн тапшырмасы менен антикризистик программа иштеп чыктык. Ош шаарында 28 миң 62 жеке ишкана болсо, анын ичинен 27 миңден ашык ишкана иштебей турат. Күнүмдүк салык төлөөчүлөр да иштеген жок. Мындан улам жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү март айы үчүн пландын 66,6 пайызын аткарды.Тагыраагы, 139 миллион сом план берилсе, март айына 39 миллион сом түшпөй калды. Ошондуктан жакында жергиликтүү бюджетти сарамжалдуу пайдалануу боюнча ага өзгөртүүлөрдү киргизүү мерчемделип жатат", - деди мэр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: