Жалал-Абад. Токтогул районунда 20 мугалим жетишсиз
Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда учурда 1685 мугалим бар жана 20дай мугалим жетишсиз. Муну бүгүн, 30-августта райондун акими Үсөнкул Шабданов билдирди. Айтымында, учурда 4 мектепте оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Жаңы окуу жылында ишке берилерин айтат аким. "Райондогу мектептер окуу китептери менен 78 пайызга камсыз болду",- деди Шабданов.
Автор: Кенже Тынымбек кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:55
2025-07-10

Рейтинг:
0

