Израилдин саламаттыкты сактоо министри коронавируска байланыштуу отставкага кетүүнү чечти
Израилдин саламаттыкты сактоо министри Яаков Лицман коронавируска байланыштуу отставкага кетүүнү чечти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, премьер-министр Биньямин Нетаньяхудан аны курулуш жана турак жай министри кызматына которууну суранды. Министр мындай чечимди коронавируска каршы күрөшүү боюнча мекемеге карата айтылган сын-пикирден улам кабыл алган.
Буга чейин министрди саясий оппоненттери коронавирустун жаңы түрүнүн жайылышына каршы күрөшүүдө көрүлүп жаткан аракеттери үчүн сынга алышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:40
2025-07-09

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.