super.kg logo

Баланын ичине жел туруп калса эмне кылуу керек?

 

Тамак сиңирүү системинин жетилбегенинен жана газдын пайда болушунан баланын ичине жел туруп калуусу мүмкүн. Бул жаңыдан наристелүү болгон жаш үй-бүлөлөрдө көп кездешкен маселе.

Ичегиге жел туруу - бул баланын ичегилеринде газдын пайда болушунун натыйжасында келип чыккан курч оору жана баланын кыймыл-аракетине терс таасирин тийгизип, ыйлап, тамактануудан баш тартууга алып келет.

Жел туруу эмнеден улам пайда болот? Адатта, эмчекти же бөтөлкөнү баланын оозуна туура эмес салганда жел кошо кирет дагы ичтин көбүүсүнө алып келет. Ошондой эле ашказан-ичеги трактынын микрофлораларынын толук кандуу жетиле электигинен дагы ич көбөт. Бул наристенин биринчи айында көбүрөөк кездешет.

2 айлык баланын ичине жел туруп калуу ашыкча тамактануунун, эмчек эмизген эненин газдын пайда болушуна алып келүүчү азыктарды колдонуусунун натыйжасы болушу мүмкүн. Ал эми чоң балдарда жел туруп калуу ичтин көбүүсүнө алып келген тамак-ашты, азыктарды ашыкча колдонуудан улам келип чыгат.

Балага жел туруп калганын кантип билүү керектиги маанилүү. Эгер тили чыгып калган балдар ден соолугунун начарлаганын түшүндүрүп бере алышса, сүйлөй элек балдардын абалы начарлап жатканын узакка ыйлаганынан, буттарын тырыштырып бүгүүсүнөн улам байкоого болот. Бул учурда баланын абалын жеңилдетүү үчүн аны чалкасынан жаткырып, ичине массаж жасоо керек.

Андан тышкары жел турууга каршы ар кандай дары каражаттары бар. Мисалы, жел турууну жеңүүгө симетикон дарысы жардам берет. Белгилей кетүүчү жагдай, мындай дары-дармектер баланын ашказанына сиңбейт жана тамак сиңирүүгө таасир бербейт. Бул каражаттар ичегидеги газдын чоң көбүкчөлөрүн азайтууга алып келет. Майдаланган газ көбүкчөлөрү ичеги-карынга оңой сиңип кетет же ашказан-ичеги-карын жолунан табигый жол менен чыгып, наристенин ооруп калуусуна алып келбейт.

Симетикон – ичтин көбүүсүн, балдардагы жел турууну тез арада жок кылуучу каражат.

Эскертүү: колдонуунун алдында педиатр менен сөзсүз түрдө кеңешүү керек!

Каттоо номери - KG.3.3.313.03306-2015


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
27.04.2020. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иий канчалаган уйкусуз тундор отту го чиркин баламын ичи кооп,только Боботик ичип жан калчу
28.04.2020. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чоң адамдардын деле ичи көөп ыйлагыдай болот го.Ичегинин иштөөсүн жакшыртуу үчүн эмне кылуу керек ошону да жаза кеткилечи.Айрыкча өтүн алдырган,боюнда бар келиндин кыйналганын көрүп жардам бергим келди...)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: