Орусияда коронавирус жуктургандар 100 миңден ашты
Орусияда акыркы бир сутка ичинде 7 миң 99 адамдан коронавирус аныкталды. 101 адам каза болсо, 1 миң 333 бейтап ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, акыркы бир сутка ичинде коронавирус аныкталган адамдардын ичинен:
Москва шаарында - 3 миң 93;
Москва облусунда - 793;
Санкт-Петербург шаарында - 336;
Дагестан Республикасында - 158 адам жана калгандары башка аймактардан.
Орусиянын 85 аймагынан жалпы 106 миң 498 адамдан коронавирус аныкталды. 1 миң 73 жаран каза болсо, 11 миң 619 бейтап айыгып чыкты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-18

12:14
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.