super.kg logo

Украинада ишкерлер санитардык чектөөлөргө каршы митингге чыгышты

 
Украинада жүздөгөн ишкерлер Өкмөт үйүнүн алдына чогулуп, санитардык чектөөлөрдү алууну талап кылышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, алар ошондой эле карантинден жабыр тарткан кичи жана орто ишкерликке акча төлөп берүү маселесин да көтөрүштү. Бийлик өкүлдөрү азырынча каржылык колдоо боюнча чечим кабыл ала элек.

Ал эми кечээ, 30-апрелден тартып санитардык эрежени катуу сактоо талабы менен 900дөй базар ачылган. Эгер вирустун таралышы күчөп кетпесе, башка тейлөө жайлары 11-майдан кийин чекесинен ачылат.

Пандемиянын кесепетинен миңдеген адам жумушсуз отурат. Украинанын өкмөтү аларды колдош үчүн 220 миллиондон ашык доллар бөлгөн.

Украинада жалпы 10 миңден ашык адамдан коронавирус аныкталган, алардын ичинен 260 адам көз жумган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: