super.kg logo

"Берилген жеңилдиктер карантин токтоду дегендик эмес!". Мухаммедкалый Абылгазиев жарандарды жоопкерчиликтүү болуп, тартипти сактоого чакырды

 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жарандарды жоопкерчиликтүү болууга жана карантин аяктаганча обочолонуу тартибин сактоого чакырды. Маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Учурда өкмөт өлкөдөгү экономикалык жигердүүлүктү калыбына келтирүү үчүн даярдык көрүүгө багыт алды. Жумуш орундарын жана жарандардын кирешесин сактоо максатында биз тараптан экономиканын маанилүү жана суроо-талап чоң болгон тармактардын иштөөсүнө этап-этабы менен уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алынган. Бирок көптөр бул жеңилдиктерди карантиндик режимди токтотуу жана мурдагы жашоо шарттарына кайтуу катары кабыл алышууда. Мен белгилей кетейин, андай эмес! Жумушка уруксат алгандардан башка бардык жарандар карантинди сактоого тийиш. Бүгүн вирус менен күрөштө маанилүү этап келди, ал ар бир жарандан жоопкерчиликти жана тартипти талап кылат. Биз жумшаган бардык күч-аракетибиздин текке кетишине жол бере албайбыз.

Мен бардык Кыргыз жарандарына кайрылгым келет - дарыгерлер айткан гигиена эрежелери, обочолонуу режими жана социалдык аралыкты кармануу талаптары сакталышы керек! Ошондой эле 2020-жылдын 1-майынан тарта ишмердүүлүгүнө уруксат берилген мекеме жана уюмдардын жетекчилери бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптардын тыкыр аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик аларын эскертип кетким келет.

Биз вирустун кеңири жайылып кетишине жол берген жокпуз жана саламаттыкты сактоо тутумунун мүмкүнчүлүктөрүн чыңдай алдык. Бул нерсеге биринчи кезекте сабырдуулукту жана түшүнүү менен мамиле кылган жарандардын колдоосуна жараша жетише алдык. Бирок жетишилген жыйынтыктарды бекемдөө үчүн биз карантин бүткүчө обочолонуу жана социалдык аралыкты кармануу эрежелеринин талаптарын сактоо менен жоопкерчиликти сезишибиз керек. Жарандардын, жакындарыбыздын жана туугандарыбыздын өмүрүн жана ден соолугун сактоо – биздин жалпы милдетибиз", - деди өкмөт башчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(11)
04.05.2020. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ток этер жерин айткыла
04.05.2020. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азыркы учурда бири-бирибизге колдоо көрсөтүүгө убакыт келди. Өзгөчө бизди коргоп, сактап жаткан медициналык кызматкерлерге. Алар чыныгы баатырлар. Бул оор күндөрдө биз бир команда болуп, керектүү эрежелерди сактап, сабырдуу болуп, үйдө болушубуз керек.
04.05.2020. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Үйдөн чыкпай, гигиеналык эрежелерди бекем сактап, жолугушууларды токтотуу зарыл. Чет өлкөдөн келгендер, обсервацияда же дарыланууда болсоңор, өзүм билемдик менен ал жерди таштап кетүүгө тыюу салынат. Илдетке чалдыккандар менен байланышта болгондор, издетпей, телефон аркылуу өзүңөр кабар бергиле.
04.05.2020. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Дагы нени баштаганы калышты
04.05.2020. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
tilek121277, баштабай эле бутургону атат, адамдардын жанын жеген вирусту кууганы атат, ошого силер дагы эрежелерди сактагыла деп атат!!!
04.05.2020. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Котолобой алыс алыс жүргүлө дегени да, бир жерге ит чымындай үйүлүп албай
04.05.2020. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Уйдо жата берип жапайы болуп кеттик
04.05.2020. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дистанцияны эч ким сактабай жатат!
JaneEr түзөттү 2020-05-04 22:41:14
04.05.2020. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайра жапкыла баарын, эрте ачып алдынар.
04.05.2020. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Текке кетпесин 2 ай карантинде отурганыбыз. Коомчулук туура тушунуп эрежени сакташыбыз керек
04.05.2020. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
элдин баары көчөгө чыгып кетти как будто алардын ден соолугу өкмөткө керектей бир аз сабыр кылып отур үйдө тоону томоруп кетсе да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: