super.kg logo

Аргентинада медициналык учак кыйрап, дарыгер менен медайым каза болду

 
Аргентинада 4 жүргүнчүсү бар медициналык учак кулады. Кырсыктын кесепетинен 2 киши каза болду деп жазышат чет элдик басылмалар.
"Кырсык Аргентинанын Чубут аймагында катталган. Учактын ичинде дарыгер, медайым, 2 учкуч болгон. Учак Буэнос-Айреске бара жатып кулаган. Анын кесепетинен дарыгер менен медайым каза болушуп, учкучтар аман калышкан. Бирок алардын абалы оор деп бааланууда", - деп айтылат маалыматта.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, учактын кулашына аба ырайынын начар болушу, туман түшкөнү себеп болгон.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: