super.kg logo

"Баарыбыз кооз жашообузду көрсөткөнүбүз менен жашоодо андай эмес да". Ырчы Гүлзада Рыскулованын коомдогу көйгөйлөрдү чагылдырган эмгеги жарык көрдү

 
Клиптен кадрлар.
Клипке идея сунуштаган Сумсарбек Мамыралиев.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, ырчы Гүлзада Рыскулованын коомдогу көйгөйлөрдү чагылдырган клиби жарык көрдү. Ырчы айым жаңы чыгармасы аркылуу элди артта калган жашоосуна, бүгүнкү күнүнө саресеп салып, ой-таанымды өзгөртүүгө чакырык жасаганын айтат.

"Мага жакпайт" деген жаңы ырымда адамзатынын бири-бирине болгон кайдыгерлиги, коомдогу жасалмалуулук, элдин эң аярлуу, алсыз жана аруу катмары болгон наристелерге физикалык, моралдык жактан көрсөтүлүп жаткан зомбулук тууралуу айткым келген. Ар бирибиз жашоого чоң сүйүү, мээрим менен мамиле кылуубуз керек. Карантин ар бирибизге айлана-чөйрөдө болуп жаткан окуяларга маани берип, туура ой жүгүртүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзүп берди. Азыр биз каалайбызбы, каалабайбызбы, келечекте бизди кандай жашоо күтүп турат, эмне кылышыбыз керек, ошону ойлонушубуз керек.

Ал эми клиптеги образ боюнча, чачымды мен бир ай мурун алдыргам. Экинчи жолу алдырып, клипте өсүп калган болчу. Клиптин идеясы Сумсарбек Мамыралиев деген жигитке таандык. Чыгармачылык чөйрөдө экөөбүз көп жылдан бери иштешип келебиз. Клиптин мааниси эски нерседен арылып, жаңыланууга умтулуу дегенди билдирет. Чачты алдыруу ар кимдин колунан келе бербейт. Ал үчүн да чоң эрк, күч талап кылынат. Чыгарма аркылуу жалпы эле элге "жок дегенде, бири-бирибизге чын дилден мамиле кылалычы" деген өтүнүчүмдү жеткиргим келген. Баарыбыз кооз жашообузду, кооз кийимдерибизди көрсөткөнүбүз менен чыныгы жашоодо андай эмес да", - дейт Гүлзада айым.

Гүлзада Рыскулова сөзүнүн аягын төмөнкүдөй ой толгоосу менен жыйынтыктады.

"Мага жакпайт өзүмө-өзүм кыянаттык кылганым,
Мага жакпайт мээрими жок жалган күлкү, жылмаюу.
Бул сезимдер мени ууландырып жатат...
Карагылачы, айланабызда канча зомбулук, алсыз наристелер биздин жоопкерчиликсиз кадамдарыбыздан жабыркап жатат. Мен баары сыяктуу жаралгандагы мага багышталган багытымды унутуп калдым. Мен өзгөрүшүм керек... Өзүмдөн баштоом керек... А сизчи?..."






Gulzada "Мага жакпайт"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
07.05.2020. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мм
07.05.2020. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Клиптин акырында жазылган сүйлөмдү эже карап койсо болмок экен. Жанын кыйат эмес, кыят болот. Ыр жакшы жазылыптыр, бирок клип жаккан жок. Тарбиялуу мааниде тартылса болмок. Аял кишинин чачын кырдырып салуусунан эч кандай жакшы идеяны, чакырыкты көрө алган жокмун. Жөн гана Нурлан Насиптин челенжин аткарып коюпсунар.
07.05.2020. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кылычтын көркү курчунда, аялдын көркү чачында дейт. Клип жакпады аял киши чачын алдырганы жакшы эмес.
gitaris93 түзөттү 2020-05-07 19:08:48
07.05.2020. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мага жакпайт чачынды алганын,мага жакпайт не балаа клип
07.05.2020. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чачты алуу менен эмнени айткысы келген?Эркек балдарга боло берет,а кыздарга эмне жок? Чачы ашыкча болуп,көйгөй жаратып жатабы,чач башкы маселеби?
Кыздардын чачы жок болгону жаман эле көрүнөт да,жарашып турабы? Клип жаккан жок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: