super.kg logo

Freedom House: "Өзбекстанда демократиянын өнүгүшү жакшырды"

 

"Өткөөл мезгилдеги өлкөлөр - 2020" эл аралык укук коргоо уюмунун жылдык отчётунда Өзбекстан 1,14 упай алды. Отчёт Freedom House`тун сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, өлкөлөр 7 негизде бааланат. Алар улуттук демократиялык башкаруу, жергиликтүү демократиялык башкаруу, шайлоо процесси, көз карандысыз массалык маалымат каражаттары, жарандык коом, сот системи жана анын көз карандысыздыгы.

Изилдөөлөргө ылайык өлкөлөр 1ден 7ге чейин упай алышкан.

Бул жылы Кыргыз өлкөсү 1,96 упай, Казакстан 1,32 упай, Тажикстан 1,18 упай, Түркмөнстан 1 упай алган. Мындан улам Кыргыз өлкөсүн аймактагы эң демократиялуу өлкө деп атаса болот.

Аталган рейтинг 29 өлкөдөгү абалды чагылдырат. Алардын ичинен 10 өлкө демократиялуу, 10 гибриддүү жана 9 өлкө авторитардык өлкө. Бул классификацияга ылайык, Борбор Азиядагы өлкөлөр авторитардык деп эсептелет.

Өзбекстанда коррупциянын деңгээли өкмөттүн аткаминерлер арасындагы пара алууну жоюу үчүн көрүлгөн чечкиндүү кадамдардан кийин төмөндөгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: