Орусияда ишкерди уурдап кетип, акча талап кылган 2 кыргыз кармалды
Орусияда ишкерди уурдап кетип, акча талап кылган 2 кыргыз кармалганын Орусиянын ММКлары жарыялашты. Окуя Балашиха шаарында болгон. 43 жаштагы Москва облусунун тургунун белгисиз бирөөлөр уурдап кетишип, 3 миллион рубль талап кылышкан. Кийинчерээк алар аталган сумманы 1,5 миллионго чейин түшүрүшкөн. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышкерлерди кармоо боюнча атайын аракеттер жүргүзүлүп, 25 жана 34 жаштагы 2 кыргызстандык жаран кармалган. Бул жарандар эч жерде иштебегендиги белгилүү болгон, учурда алар убактылуу кармоочу жайга камалган. Ал эми уурдалган ишкер ден соолугунун начарлап кеткенине байланыштуу ооруканага жаткырылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
15:08
2025-07-02

9:42
2025-07-02
14:27
2025-07-01
Рейтинг:
0

Билдирүүңүз өчүрүлдү.
Сизге эскертүү!
Билдирүүңүз өчүрүлдү.
Бригадир Озуно татыктуу жазасын алыптыр.