super.kg logo

Улуу Жеӊиш күнүнѳ карата ардагерлер О! Мобилдик операторунан белек алууда

 

Биз 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеӊиштин 75 жылдыгын белгилѳѳгѳ даярдык кѳрүп жатабыз.

9-майдын мурунку күнү О! Мобилдик операторунун кызматкерлери Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин куттукташты.

Бүгүнкү күндѳ Кыргызстанда 234 ардагер жашайт. Компания ардагерлерибиздин ар бирине ичинде азык-түлүк топтому бар белектерди таратты. Тизме Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык ѳнүгүү министрлигине караштуу Социалдык камсыздоо департаменти тарабынан берилген.

Баатырларыбызды куттуктоо иш-чарасы бүтүндѳй ѳлкѳ аймагында ишке ашырылды. Алардын дээрлик бардыгынын курагы 100 жаштын тегерегинде! Ардагерлер келген ар бир конокко кубанып, башынан ѳткѳндѳрдү баяндап, акыл-насаатын айтат. Ооба, алар биздин бүгүнкү тынчтыгыбыз, ачык асманыбыз үчүн душмандар менен согушууда бардык күч-кубатын жумшашкан. Фронтто согушкан, тылда күрѳшкѳн, ѳлкѳгѳ жаӊы жашоо тартуулаган баатырларыбызды чексиз урматтоо менен, тереӊ таазим этебиз!


Жеӊиш күнүнѳ арналган салтанатка чейин жашабай кеткендер түбѳлүк эсибизде калат. Улуу Ата Мекендик согуш, Улуу Жеӊиш күнү ар дайым биздин жүрѳгүбүздѳ жашап келет жана муундан-муунга ѳтѳт.
Баатырларга даӊк!


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: