super.kg logo

Казакстанда жубайлар акча катылган күрмөнү гуманитардык жардам катары жөнөтүп алышкан

 

Казакстанда жубайлар акча катылган күрмөсүн суу каптап кеткен Мактаарал аймагына гуманитардык жардам катары берип салышкан. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жабыркагандарга жардам берүү үчүн эски кийимдерин берип жиберген жубайлар күрмөлөрдүн чөнтөгүнүн бирине 3 миң доллар катып койгонун унутуп калышкан.

Жубайлар жардам чогулткандар кетип калганда гана акчасын эстеп, артынан жөнөшкөн. Натыйжада акча табылып, ээлерине кайтарылып берилген.

Бул окуядан кийин башка жарандар жардам болуп келген кийимдердин чөнтөктөрүн аңтарып жаткан видеолор интернетке чыга баштаган.

Өзбекстандын Сырдарыя облусундагы суу сактагычында жарылган дамбанын айынан Казакстандын Түркстан облусунун Мактаарал районунун 4 айылын суу каптаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
09.05.2020. 03:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ии жакшы еще табылыптыр бизде болсо атын таппай калмаксын таза эмгек мээнет менен табылган акча да өз ээсине карца буюруптур
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: