Быйыл Түркияда өтө турчу Көчмөндөр оюну 2021-жылга жылдырылды
Быйыл күзүндө Түркиянын Бурса шаарында өтө турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары коронавирус пандемиясынан улам 2021-жылга жылдырылды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бул чечим түрк тилдүү мамлекеттердин жана элдердин жалпы мурасына татыктуу деңгээлде IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу, спортчулардын жана бардык катышуучулардын ден соолугун коргоо максатында кабыл алынды.
Оюндар буга чейин үч жолу Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөн. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү демилгеси Кыргыз өлкөсүнө таандык.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:34
2025-07-17
18:26
2025-07-15
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.