Базар-Коргон районундагы Ош-Бишкек унаа жолун сел каптады
Социалдык тармактарга Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Беш-Капа айылындагы чоң автожолду сел каптаган видео тараган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ал окуя боюнча төмөнкүдөй маалымат берди.
"16-май күнү саат 17:20 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Сузак району менен Базар-Коргон районунун чектешкен Беш-Капа айылын аралап өткөн Бишкек-Ош автоунаа жолунун жээгиндеги сел арыктардан аккан суу жолду каптаган. Аталган аймакка Сузак району боюнча ӨКБнүн башчысы, полковник Карабеков баштаган ыкчам топ жеринде тактоо иштерин жүргүзүшкөн. Жыйынтыгында адам өмүрүнө жана материалдык зыян келтирилген эмес", - дейт басма сөз катчы.
Базар-Коргондон өткөн Ош-Бишкек автоунаа жолун сел каптады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
isarti

17.05.2020. 12:20
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сакта...
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.