super.kg logo
  Саясат  

Аликбек Жекшенкулов: "УКМКнын видеосун жарыялаган телеканалдар бизге да түз эфир берсин"

 

"Кыргызстан туңгуюкка бара жатат",- деп билдирди оппозиция өкүлү Аликбек Жекшенкулов 4-сентябрда маалымат жыйында. Жекшенкулов өлкөдө адам укугу тууралуу маселе унутулду деген ойдо. УКМК жарыялаган видео тууралуу: "Алгач факты боюнча далилдерди таап, маалыматты анан гана элге жарыялашы керек болчу. Ошол видеону көрсөткөн телеканал жетекчилеринен мага түз эфирде убакыт берүүсүн сурайм. Демократиялык коомду куруп жатабыз, бардык тараптын пикирлери көрсөтүлүшү керек",- дейт Жекшенкулов. 

 

Айта кетсек, буга чейин оппозиция менен иштешип келген Эрланбек Өмүралиев УКМКга оппозициянын кооптуу, бийликти кулатууга карата түзүлгөн пландарын айтып берип, сүйлөшүү тартылган видеотасма 2-сентябрда коомчулукка жарыяланды. Анда Өмүралиев 8-9-10-сентябрда оппозиция өлкөдө баш аламандык уюштура турганын, анын жол-жоболорун кенен айтып берген эле. Аликбек Жекшенкулов ал иштерди уюштуруучулардын бири экени айтылган.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: