Каракол шаарында 300 балага ылайыкталган жаңы бала бакча ачылды
Каракол шаарында 300 балага ылайык бала бакча ишке киргенин бүгүн, 4-сентябрда өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Бала бакчанын имаратын оңдоо иштерине шаардык бюджеттен 4 миллион сом каражат бөлүнгөн. Ал эми балдардын ата-энелери тарабынан 300 миң сомдой топтолуптур. Айта кетсек, бала бакчанын имараты буга чейин Ысык-Көл мамлекеттик университетине таандык болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:55
2025-07-10

Рейтинг:
0

