super.kg logo

Коронавирус менен ооруган программист 1 жарым айда 32 килограммга арыктаган

 

Лондондук 43 жаштагы программист 12-март күнү коронавирус инфекциясы менен ооруканага түшкөн. 5 апта бою оору менен күрөшкөн программист айыкканда 32 килограммга арыктаганын билген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Коронавирус инфекциясын жуктурганга чейин Ким Вай Ли ашыкча салмактуулук менен жабыркап келген. 5 апта бою ооруканада дарыланган программисттин абалы өтө оор болуп, 2 апта комада жаткан. Дарыгерлер анын айыгышына 20 пайыз гана кепилдик беришкен. Бактыга жараша, Ким Вай Ли коронавирусту жеңип, үйүнө такыр башка адам болуп кайткан. Кантип дейсизби?

Бою 1 метр 68 сантиметр болгон программисттин салмагы 95 килограмм болгон. Өлүм менен өмүрдүн ортосунда коркунучтуу вирус менен күрөшкөн программист кыска аралыкта 32 килограммга арыктаганы белгилүү болгон. Ал ооруканадан чыгып үйүнө келгенде жубайы, балдары араң таанышкан. Программисттин айтымында, ашыкча салмактуулугу да ооруну жеңүүдө кыйынчылык туудурган. Мындан ары Ким Вай Ли жашоону жаңы барактан баштап, дени сак жашоону карманарын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: