Мамлекеттик салык кызматы: Автоунааларга төлөнчү салыкты чогултуу 102,8 пайызга аткарылды
Кыргызстанда автоунааларга төлөнчү салыкты чогултуу 102,8 пайызга аткарылды. Мамлекеттик салык кызматы быйыл кыймылдуу мүлккө болгон салыктан 533,5 миллион сом чогулганын айтат. Бул 2012-жылга салыштырмалуу 4,2 пайызга көп. План боюнча 519,2 миллион сом чогултуу тапшырмасы коюлган экен. Белгилей кетсек, автоунааларга болгон салыкты төлөө 1-сентябрда аяктады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:55
2025-07-10

Рейтинг:
0

