super.kg logo

Жактоочулар: "Кубанычбек Жумалиевдин 50 ишканасы жок"

 

29-май күнү «24.kg» маалымат агенттигинде Кубанычбек Жумалиевдин жактоочулары Бактыбек Жумашов жана Жыргалбек Бабаевдин онлайн конференциясы өтүп, анда алар өкмөткө караштуу ЭККМК тарабынан башталган сотко чейинки териштирүү боюнча түшүндүрмө беришти.

Конференциянын жүрүшүндө адвокат Бабаев ар кандай мүлккө ээлик кылуу эч бир убакта мыйзамга каршы келбесин, андан тышкары менчик биздин өлкөдө Конституция тарабынан коргоого алынганын түшүндүрдү.

Кыргыз өлкөсүндө күнөөсүздүк презумпциясы принциби иштээрин жана аны эч ким жокко чыгарбаганын эскерте кетели.

Жумалиевге тиешелүү делинип жаткан, бирок киреше жөнүндөгү декларацияга кирбей калган 50 фирма туурасындагы жагдайга токтолуп, алар боюнча төмөнкүчө түшүндүрмө беришти. "Кубанычбек Жумалиев мамлекеттик кызматтарда 1992-жылдан 2005-жылга чейин иштеген. Бул мезгил ичинде ал эч кандай коммерциялык ишмердүүлүк жүргүзгөн эмес. 2005-жылдын мартына алганда, ал бир батирге жана эки жер тилкесине гана ээлик кылып турган. Кубанычбек Жумалиев ишкерчилик менен 2005-жылдан кийин гана алектене баштаган.

Активдүү иштеген 2005-2015 жылдарындагы он жыл ичинде ал жана анын өнөктөштөрү тарабынан ар кайсы убактарда 50гө жакын коммерциялык ишканалар ачылган. Алардын көпчүлүгү эчак эле жабылып калган, айрымдары жоюлуу стадиясында турат. Биздин карамагыбызда иштебеген ишканалар боюнча эч кандай карыздар жок экенин тастыктоочу салык органдарынан келген бардык документтер бар. Жогорку Кеңештеги депутаттык кызматка киришкен учурда Жумалиев тарабынан иштеп жаткан ишканаларын мыйзамга ылайык ишенимдик негизде башка компанияларга жана жеке инсандарга башкарууга өткөрүлүп берилген", - деп түшүндүрүштү адвокаттар.

«Жумалиевдин дарегине айтылып жаткан, бирок эч нерсе менен тастыкталбаган көптөгөн батирлери, жер тилкелери, ресторандар, пансионаттар, сауналар жана башка соода борборлору боюнча айыптоолордогу маалыматтар чындыкка жатпай турганын расмий түрдө билдиребиз», - деди адвокат Бактыбек Жумашов.

Сыймык Жапыкеевдин өз тарапташтарын Кубанычбек Жумалиевге карата күч колдонуу аракеттерине, тактап айтканда, анын мүлкүн тартып алууга чакырган ачык билдирүүлөрүн кароо жөнүндө арыз берилген.

Өкмөткө караштуу ЭККМКнын лингвистикалык экспертизасынын бүтүмүнө ылайык, Сыймык Жапыкеевдин айткандарында массалык акцияларга, активдүү иш-аракеттерге жана жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакыруулар бар. Башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык кодексинин 264-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыштардын белгилери бар.

«Биз Жапыкеевдин билдирүүлөрү биздин доогерибиз үчүн гана эмес, бүт өлкө үчүн алдын ала айтып болбогон кесепеттерге чагым болуп бериши мүмкүн деп эсептейбиз. Негизинен айтканда, алар өзүм билемдикке, мыйзамдарды тебелөөгө, анын натыйжасы катары – жалпы баш аламандыкка чакырышууда», - деп жыйынтыкташты адвокаттар.

Ошондой эле Кубанычбек Жумалиевди телевизиондук эфирден улуттар аралык касташууну козутуп жатат деп ачык билдирген Максат Мамыткановго карата да иликтөө жүргүзүлүүсү керек дешет. Учурда бул фактылар боюнча сотко чейинки текшерүүлөр жүрүп жатат.

Ошондой эле жактоочулар Ленин райондук сотуна ар-намысты жана беделди коргоп берүү жөнүндө арыз берген. Жоопкер Сыймык Жапыкеев. Доо 10 миллион сомго бааланган. Сот тарабынан кетирилген чыгымдын ордун толтуруу үчүн кандай гана өлчөмдөгү сумма дайындалбасын, анын баары кайрымдуулук максаттарына өткөрүп берилери маанилүү экенин белгилешет.

"Акырында айтарыбыз - чоң казатчы мырзалар эч бир кесепеттерин ойлонбой туруп интернет пайдалануучулардын ири аудиториясына Жумалиевди кылмыш жасаган деген далилсиз куру сөздөр менен айыптап, укук коргоо органдарынан өзүлөрүнүн ачык билдирүүлөрү боюнча кылмыш иштерин козгоого чакырышууда. Алардын мындай аракеттери 163-берене боюнча – кылмыш жасалгандыгы боюнча атайын жалган айтуу болуп квалификацияланарын белгилеп кетким келет", - деп жыйынтыктады адвокат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -4 
Комментарийлер(7)
01.06.2020. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Силердин колуңардан баардык нерсе келет. Сот прокурор баарын сатып алгансынар. Закон бир гана карапайым эл үчүн иштей
01.06.2020. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Бул ууру Эми ушинтип олгончо актанат, ушул создорго озу ишенет болду бекен.
01.06.2020. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
49 ele barby ?
01.06.2020. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бул созуно тоок да ишенбейт, тойгончо жеп, олгончо актангыла, кудайдан корксонор боло
01.06.2020. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
50 ишканасы жок, андан көбүрөөк дегендей эле го.
01.06.2020. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Акчадан чашты окшойт чыгып бергиле деп,пока не поздно деп
01.06.2020. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Олуп эле алгылачы лучше. Ненавижу. Оло согуп таштасан ушуларды. Жалганды суйлошко да бетондой бет бар да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: