super.kg logo
  Саясат  

Саймаитинин өлүмү боюнча Түркияга ИИМ тарабынан эки жолу суроо-талап жөнөтүлгөнү айтылды

 

Бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңеште Түркияда киши колдуу каза болгон Айэркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйыны өтүүдө.

Анда депутат Аалы Карашев бул кылмыш иши боюнча Ички иштер министрлиги тарабынан Түркияга канча жолу суроо-талап жөнөтүлгөнүн сурады.

ИИМдин Тергөө кызматынын башчысы Сыргак Айткурманов эки жолу суроо-талап жөнөтүлгөнүн айтты. "Саймаитинин өлүмү боюнча суроо-талап 20-ноябрда жөнөтүлгөн. Ага жооп келген. Ал эми 29-ноябрда жөнөтүлгөн суроо-талапка жооп келе элек. Түркия мамлекеттик кызыкчылыктарын туудурган маселе болсо, маалымат бербей коюуга укуктары бар экен", - деди Айткурманов.

Аалы Карашев: "6 ай өтүп кетти, жаңылык барбы деп суроо-талап жөнөткөн жоксуздарбы?", - деп сурады.

Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов Түркия тергөө иши бүткөндөн кийин жооп бере тургандыгын билдиришкенин айтты. Андан тышкары, Мирлан Каниметов Түркия тарап жооптун ордуна Кыргыз өлкөсүнөн ФЕТӨ боюнча талаптар да коюлуп жатканын кошумчалады. "Ошол уюмдун өкүлдөрү силерде көп жүрөт, бизге кармап бергиле" деп жатышат. Ошол боюнча түшүнбөстүктөр бар. Бул маселе чечилбей жатканы үчүн Түркия толук кандуу жооп бербей жатат", - деди Каниметов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: