super.kg logo
  Саясат  

Мелис Турганбаев, Бишкек ШИИББинин башчысы: "МАИчилерди тоготпой качкан кызды мен тааныбайм"

 
"Бишкекте Лексус унаасы менен МАИчилерди тоготпой качкан Назгүл Чодронова деген айымды мен тааныбайм",- деп билдирди бизге Бишкек ШИИББинин башчысы Мелис Турганбаев. Айтымында, бул иш боюнча учурда териштирүү жүрүп жатат. "Ал кызды мен да, Ички иштер министри Абдулда Суранчиев да тааныбайт. Азыр аферисттер көбөйдү",- дейт Турганбаев. Лексус унаасы айып аянтчасына токтотула турганын кошумчалады ал. Айта кетсек, Чодронованын МАИчилерди тоготпогондугу тартылган видео бүгүн SUPER.KG порталына жүктөлүп, тийиштүү органдар менен байланышууга аракет кылдык. Аталган айым МАИчилерге кармалган учурда "Абдылда Суранчиевге, Мелис байкеге телефон чалам" деп коркутууга аракет кылган. Анын бул сөзү социалдык түйүндөрдө "Мелис Турганбаевди айтып жатат" деп чечмеленип жаткан эле.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: