super.kg logo
  Саясат  

УКМК: "Хабибулла Абдукадыр жана "Азаттыктын" журналистин суракка алуу мүмкүн болбой жатат"

 

Бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңеште Түркияда киши колдуу каза болгон Айэркен Саймаити боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйыны болуп өттү. Анда күбөлөр Саймаити журналисттер аркылуу Хабибулла Абдукадырга кысым көрсөтүп, карызын өндүрүп алууну ойлогонун айтып берген видео көрсөтүлдү.

Ал эми Айэркен Саймаити боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын мүчөсү журналисттин жана Хабибулла Абдукадырдын суралганы боюнча суроо узатты. Берилген суроого УКМКнын тергөө башкармалыгынын башчысы Сагынбек Самидин уулу төмөнкүдөй жооп берди. Айтымында, алар аты аталган журналистти жана Хабибулла Абдыкадырды суракка алууну көздөшкөн, бирок азырынча андай мүмкүнчүлүк ишке ашкан эмес.

"Күбөлөр сурак учурунда атын атаган журналисттерди сурап, бул боюнча жооп алууга аракет кылдык. Бирок алар азыркы тапта Кыргыз өлкөсүнүн аймагында эмес, Европадагы өлкөлөрдүн биринде. Биз аларды "Азаттык" аркылуу суракка чакырууга аракет жасадык. Бирок азырынча жыйынтык айтыла элек. Эгер алар өлкө аймагына келсе, албетте суралып, кошумча тергөө иштери жүргүзүлөт.

Ал эми Хабибулла Абдыкадыр дагы өлкөдө эмес болгондуктан, аны да суракка алуу мүмкүн болбой жатат. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, ал Казакстандын жараны. Бирок өзүнүн көп убактысын Өзбекстанда өткөрө турганы маалым болду. Аны суракка алууга мүмкүн болбой жатат.

Саймаитинин өлүмү боюнча Түркиянын полиция кызматы иштеп жатат. Мындан улам биз анык маалыматтан кабардар эмеспиз. Бул иш сотко өткөн", - деди Сагынбек Самидин уулу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: