Жалал-Абад. Облуста 8 айда жол кырсыгынан 104 адам каза болду
Жалал-Абад облусунда 2013-жылдын 8 айында 420 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 104 адам каза болду. 740 адам жаракат алып, ооруканага кайрылды. Маалыматты бүгүн, 6-сентябрда ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. "Оң рулдуу автоунаалар катышкан кырсыктар көп болот. Жаш, тажрыйбасыз айдоочулар да жол кырсыгынын келип чыгышына себепкер болушууда",- деди ОИИБинин басма сөз катчысы Жусуп Камбаралиев.
Автор: Кенже Тынымбек кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:55
2025-07-10

Рейтинг:
0

