super.kg logo

"Базарлар иштеп жатат. Ошол эле учурда футбол аянтчалары эмнеге ачылбай турат?". Жооп

 

Бүгүн, 3-июнда өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев онлайн маалымат жыйынын берди.

Жыйын учурунда Узарбек Жылкыбаевге: "Базарлар ачылды. Ал эми футбол аянтчаларынын иштөөсүнө уруксат бериле элек. Бул жакта базарларга салыштырмалуу ооруп калуу ыктымалдуулугу азыраак да", - деген суроо узатылды.

"Базарда бири-бирине байланышта болбой коюуга мүмкүнчүлүк бар. Ал эми футболдо оюнчулар тыгыз байланышта болот. Топ аркылуу дагы жугуп калышы мүмкүн. Ошол үчүн медиктер спорт аянтчаларынын иштешине уруксат бере элек. Андыктан сиздерди сабырдуулукка чакырам. Эгер аянтчага келип, футбол ойногон бир эле адам ооруну жуктуруп алган болсо, андан ары анын үй-бүлөсүнө, дагы башка адамдарга вирус тарап кетет. Себеби футбол бул командалык оюн", - деди Жылкыбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
03.06.2020. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Церемонит этбей эле жон эле алып койгулачы, эч Ким силер айтканды кылбай эле журушот. Эл вирусту унутуп озулорунун жайбаракат жашоолорун жашап атышат.
03.06.2020. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чоп оттобй ачкыла ,эч бир жерде силер айткан эрежени эч ким сактаган жок

04.06.2020. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Качан эле базарларда эреже сакталчу эле. Мечиттерди дагы ачып койсо болот эле, биз эмес Германияда жума намазын окуп жатышат. Дагы Россияны карап отурасыңарбы? Алар ачса биз ачалы деп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: