super.kg logo

"Маселе каралып жатат". Ошто коронавирустан каза болгон дарыгердин үй-бүлөсүнө компенсация төлөнөбү деген суроого министрликтин жообу

 

Бүгүн, 4-июнда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев демейдегидей эле коронавирус боюнча өлкөдөгү жаңы жагдайларды онлайн брифинг учурунда айтты. Андан кийин ага "Кечээ Ош облусунда коронавирустан каза болгон дарыгердин үй-бүлөсүнө компенсация төлөнүп берилеби?" деген суроо берилди.

"Бул боюнча түзүмдө атайын иш топ иштеп жатат. Компенсация маселеси боюнча иш жүрүп жатат, атайын комиссиянын жыйынтыгы менен ага компенсация төлөп берүү маселеси белгилүү болот", - деди Үсөнбаев.

2-июнда өлкөдө аталган инфекциядан 3 адам көз жумгандыгы маалымдалган. Анын ичинен бири дарыгер, дагы бири оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу, үчүнчүсү 84 жаштагы карыя экендиги белгиленген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
04.06.2020. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Коронавирус менен олду деп расмий билдируу жасаган сон,созсуз компенсация толонуп берилет деп ачык айтышы керек болчу.Созду кобойтуп,кундорду созуп эле басып эзилип журо беришет кыргыз жетекчилери.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: