super.kg logo

Бир суткада өлкөдө эки өспүрүм жана бир чоң киши сууга чөгүп кетти

 

Талас облусуна караштуу Манас районундагы Чеч-Дөбө айылынын Саратай көлүнө 3-июнь күнү саат 15:35 чамасында 2002-жылы туулган эркек бала чөгүп кеткен. Издөө иштерине ӨКМнын №100 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары, РИИБинин 9 кызматкери жана айыл аймактан 35 адам тартылган. Издөө иштеринин натыйжасында маркумдун жансыз денеси суудан чыгарылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилген.

Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Байзак айылынын Кара-Кече тилкесинде жайгашкан каналга 2005-жылы туулган бала чөгүп кеткен. ӨКМнын №43 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары баланын жансыз денесин табышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 3-июнь күнү саат 20:36 чамасында Кара-Жыгач айыл аймагынын Бурана тилкесиндеги Кара-Суу суусунда 1951-жылы туулган эркек кишинин жансыз денеси табылган. ӨКМнын №70 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары маркумдун жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Бул маалыматтарды ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
05.06.2020. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч кандай суудан чыгарып бербей эле, агып жээкке чыгып калганда, ошол жердеги айылдагылар чыгаргандан кийин алып кетишкен, тим эле куткаруучулар деп. Эч кандай
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: