Сокулук районунда жүк ташыган унаа менен жеңил унаа сүзүштү. Жабыркагандар бар
Чүй облусунун Сокулук районунда жүк ташыган унаа менен жеңил унаа сүзүштү. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 4-июнда 13:00дө болгон.
"Жүк ташыган унаа Бишкекке бара жаткан учурда карама-каршы багыттагы жеңил унаа менен сүзүшкөн. Айрым маалыматтарга караганда жабыркагандар бар. Жеринде кызматкерлер иштеп жатышат", - деди басма сөз кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.