super.kg logo

Өлкөдө эпидемиологиялык кырдаалдын турукташуусу менен окуу жайлардагы салттуу билим берүү жандандырылат

 

Өлкөдө эпидемиологиялык кырдаалдын турукташуусу менен окуу жайлардагы салттуу билим берүү жандандырылат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков президент Сооронбай Жээнбеков катышкан санариптик жыйында билдирди.

Каныбек Исаков министрлик тарабынан пандемия шартында республикалык жана облустук телеканалдар аркылуу трансляцияланган видеосабактардын жардамы менен балдарды аралыктан окутуу формасын киргизүүнүн алкагында жаңы антикризистик программа иштелип чыккандыгын баса белгиледи.

"Педагогдор менен окуучулардын ортосундагы кайтарым байланышты камсыздоого мобилдик операторлор да көмөктөштү. Билим берүү чөйрөсүндөгү санариптештирүүнүн деңгээлин жогорулатууга видеосабактарды даярдоону, мугалимдер тарабынан санарип педагогиканын көндүмдөрүнүн өздөштүрүлүшүн, предметтер боюнча малыматтык база менен порталдардын жана билимдерин текшерүү боюнча тесттик сайттар иштелип чыкты.

Пандемия мезгилинде билим берүү порталдарын 800 миңден ашуун окуучу колдонсо, билим берүүнүн мобилдик тиркемелерин колдонгондордун саны 500 миңден ашты", - деп билдирди министр.

Мындан сырткары оор турмушта жашаган балдардын билим алуусун жеткиликтүү кылуу максатында аларга телевизорлор менен мобилдик телефондор берилген.

"Өлкөнүн айрым алыскы райондорунда республикалык телеканалдардын тартуусундагы көйгөй, интернеттин ылдамдыгынын жай болушу жана начар байланыш сыяктуу айрым кемчиликтер байкалды. Мындай көйгөйлөрдү жоюу боюнча Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети жергиликтүү бийлик менен тыгыз иштерди жүргүзүп жатышат", - дейт Исаков.

Каныбек Исаков эпидемиологиялык кырдаалдын турукташуусу менен окуу жайлары салттуу билим берүүнү жандандырууга даяр экенин кошумчалады.

Ошол эле министр 2020-жылдын июль, август айларында кийинки окуу жылынын биринчи жана экинчи чейректерине бардык предметтер боюнча видеосабактарды тартуу боюнча график иштелип жатканын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
05.06.2020. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо сентябрьдан жогорку окуу жайлар ачылып калат экенда. Ошондойбу?
05.06.2020. 01:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо жаны окуу жылы да дистанционка болобу?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: