super.kg logo

Телефон ээси алаксый түшкөн учурда качып кетүүгө үлгүргөн. Ошто телефон уурдаган жаран кармалды

 

Ош шаарынын тургундарынын телефонун сүйлөшүп алайын деп алып, андан ары качып кеткен жаран кармалды.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн оперативдүү кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад облусунан келип, Ош шаарынын тургундарынын кол телефондорун уурдай качкан жаран кармалды. Ал бир нече жарандардын чөнтөк телефонун убактылуу, бирөө менен тез арада байланышуу зарылдыгын айтып, суранып алып, сүйлөшүп жаткандай түр берип, телефон ээси алаксый түшкөн учурда качып кетүүгө үлгүргөн.

Бүгүнкү күндө Ош шаардык ички иштер башкармалыгына 3 жаран ушул адамдан жабыркагандыгы тууралуу арыз менен кайрылган. Оперативдүү кызматкерлердин айтуусуна караганда бул адамдан жабыркагандардын саны Ош шаарында жана башка облустарда көп болушу мүмкүн. Аталган кылмыштарга шектүү катары кармалган жаран 1986-жылы туулган Б.Т. аттуу Жалал-Абад шаарынын тургуну. Ош шаарына 10-майда атайын кылмыш жасоо үчүн келип, шаардагы мейманканалардын биринде жашап турган. Учурда тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Шектүү Ош ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Телефон урдоо фактысын иликтөө учурунда Ош шаарынын Өзгөн көчөсүнүн тургунунан арыз келип түштү. Ал арызда аталган жаран кечкисин үйүнө келип, «мен айдоочумун, өзгөчө абалга байланыштуу кете албай калдым. Үйүңүзгө бир түн түнөп алайын» деп суранып, түнү менен жаткан конок бөлмөсүн тинтип, 17 миң сом акчасы менен үй ээсинин телефонун уурдап кеткендигин айткан. Учурда бул факты дагы иликтенүүгө алынды. Ал эми шектүү Орусияда жүрүп, каракчылык менен соттолуп, жазасын өтөп чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
05.06.2020. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ак эмгек менен арам эмгекти алмаштырып алган турбайбы мындай адам өмүрү оңолбойт!
06.06.2020. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туугандардан го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: