super.kg logo

Кыргыз-Түрк достук ооруканасы коронавирус менен ооругандарды дарылоого убактылуу иштетилмей болду

 

Кечээ, 4-июнда Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов Координация жана кызматташтык боюнча Түрк агенттигинин координатору Али Муслу менен жолугушту. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Ага ылайык, жолугушууда тараптар Кыргыз-Түрк достук мамлекеттик ооруканасын коронавируска чалдыккан ооруларды кабыл алуу жана дарылоого убактылуу иштетип турууну талкуулашты. Андан кийин аны COVID-19 пандемиясында убактылуу пайдаланууга берүү протоколуна кол коюшту.

"Биздин максат - кыргыз элинин сапаттуу медициналык кызмат алуусу. Бул оорукана кыргыз элине белек. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, оорукана бардык зарыл болгон аппараттар менен жабдылган. Андыктан пандемия учурунда элге чоң жардамы тиет деп ойлойм. Сиздер оорукананы колдонуп жатканыңыздарга кубанычтабыз", - деген ал.

Министр Сабиржан Абдикаримов өз кезинде Түркия тарапка бул колдоо үчүн ыраазычылык билдирди.

"Албетте, биз бул оорукананы салтанаттуу түрдө кабыл алалы деп жатканбыз, бирок инфекциялык ооруканалар тынымсыз иштеп жаткандыгына байланыштуу пайдаланып турууга туура келди. Түшүнүп, колдогонуңуздар үчүн рахмат", - деди министр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: