super.kg logo

Карантин учурунда интернет колдонуучулардын саны 33 пайызга өстү

 

Өлкө боюнча карантин учурунда интернет колдонуучулардын саны 33 пайызга өстү. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев онлайн брифинг учурунда айтты.

Азыркы кырдаал, күнүмдүк жашообузду, арабызда болгон карым-катнашты кыйла өзгөрттү. Бул чакырыктарга карабастан акыркы жылдары "Санарип Кыргызстан" концепциясынын алкагында жасалган иштер бул кырдаалдан татыктуу өтүүгө мүмкүнчүлүк берди деп ишенем. "Санарип Кыргызстан" экосистеминин компоненти жана багыты санарип инфраструктура болот. Бул инфраструктура башка тармактарда дагы ийгиликтүү жана жемиштүү колдонулду.

Негизинен интернет колдонуучуларынын санын жана интернет колдонуунун көлөмүн карасак жалпы республика боюнча 33 пайызга өстү. Алардын ичинен: Бишкек шаары боюнча 6 пайыз, Нарын облусу боюнча 64 пайызга, Ош шаары жана Ош облусу боюнча жалпысынан 33 пайызга өстү", - деди Догоев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: