super.kg logo

Сокулукта адам уурдаган жарандар тобу кармалды. Баары мурда соттолгон

 

Чүйдүн Сокулук районунда адам уурдоого шектелген жарандар тобу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

ИИМдин криминалдык милиция кызматы адам уурдоо жана денесине оор залал келтирген факты боюнча адамдардын тобун кармашты.

Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлигинин ыкчам кызматкерлери адам уурдоого шектелген адамдарды кармоо үчүн атайын операция жүргүзгөн. Анда ушул жылдын июнь айынын башында белгисиз адамдар мурда соттолгон адамды борбордогу базарлардын биринен уурдап кетишкен. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Операцияны криминалдык милиция кызматкерлери менен Ленин РИИБинин кызматкерлери биргеликте жүргүзүшкөн. Кармоо операциясы Күн-Туу айылына жакын жерде болгон. Анда шектүүлөр мыйзамсыз аракеттерди жасоо учурунда кармалган. Алар Ысык-Көл, Жалал-Абад облусунун тургундары. Кармалган 4 жарандын бардыгы мурда соттолуп чыккан. Алардын бири уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган.

Ал эми жабырлануучу дагы мурда сот жоопкерчилигине тартылган, анын денесине оор зыян келтирилген. Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмыш шектүүлөр менен жабырлануучулардын ортосундагы кастык мамилелерден улам келип чыккан. Жабырлануучу ооруканага жаткырылган. Учурда бардык жагдайларды аныктоо иштери жүрүп жатат. Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген", - деп жазылат маалыматта.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: