super.kg logo

"Кыргыз темир жолу" ишканасындагы коррупциялык схема аныкталып, 4 киши кармалды

 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин коррупцияга каршы күрөшүү кызматы "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасындагы коррупциялык схеманы аныктады. Бул ишке тиешеси бар делинип 4 киши кармалганын мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Мамлекеттик ишкананын мурдагы жана азыркы жооптуу адамдары мамлекеттик сатып алууда бааларды атайылап жогорулатышкан. Келишимге ылайык, бөлүнгөн акчанын 15 проценти ишкананын мурдагы жетекчилигине түшүп турган.

Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө Эсептөө палатасынын соттук-медициналык экспертизасынын жана аудитинин натыйжасында, айрым бир мамлекеттик сатып алуулардан эле мамлекетке олуттуу материалдык зыян келтирилгени белгилүү болду.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат", - дешти маалымат кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: