super.kg logo

Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү тоноочулукка шектелип кармалды

 

Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган 43 жаштагы жаран кармалды. Ал тоноочулук менен алектенип жүргөнүн ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, "Зуба" аттуу жаран район аймагында тоноочулук менен алектенери, ал үйүндө куралдарды сактап жүргөн болушу мүмкүн деген маалымат Аламүдүн РИИБине келип түшкөн.

"Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү буга чейин бир нече ирет соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган 43 жаштагы Ю.З. экени белгилүү болгон. Ал Аламүдүн РИИБинин тергөө жайына алып келингенден кийин 32 жаштагы аялды тоногонун моюнга алгандыгы боюнча көрсөтмө берген. Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүүнүн үйүнөн тапанча жана учтуу буюм табылган. Учурда кармалган жарандын мындан башка дагы кылмыш иштерине катыштыгы бар же жок экендигин аныктоо боюнча амалдар көрүлүп жатат. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: