Баткенде бир түндө өлтүрүлгөн 4 адамдын эң кичүүсү 1 жашта болгон
5-сентябрда Баткендин Кара-Булак айылында белгисиз бирөөлөр атып өлтүрүп кеткен бир үй-бүлөдөгү 4 адамдын эң кичүүсү 1 жаштагы наристе. ИИМдин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаевдин маалыматына ылайык, кырсыкка кабылган Тажибай Эралиевдин үй-бүлөсү жеке ишкерлик менен алектенип келишкен. Ок тийген Тажибай Эралиев 54 жашта, учурда оор абалда ооруканада жатат. Анын жубайы Рахат 52 жашта, уулу Каныбек 27 жашта, келини 23 жашта жана небереси 1 гана жашта болгон. Азырынча кылмышка шектүү жарандар табыла элек. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө. Үй-бүлөдө 3 жаштагы кыз гана аман калыптыр.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:27
2025-06-30

12:26
2025-06-30
11:56
2025-06-30
10:35
2025-06-28

Рейтинг:
0

Ката кеткен. Түзөтүлдү. Рахмат!
Сизге эскертүү!