Саламаттыкты сактоо министрлигинде 5 кызматкер коронавирус менен ооруп жатат
Саламаттыкты сактоо министрлигинде 5 кызматкер коронавирус менен ооруп жатканы бүгүнкү брифингде айтылды.
"5 кызматкер ооруп жатат. Вирус биздин бухгалтердик башкаруу бөлүмүнөн тараган. Тактап айтканда, бир кызматкер жакындарынан жугузуп алган. Кийин ал ооруну байкабай жүрүп дагы 4 кызматкерге жугузган.
Учурда бардык тийиштүү чаралар көрүлүп жатат. Алар ооруканада дарыланууда. Ал эми азыр обсервацияда 30дан ашык кызматкерибиз жатат. Баарынан анализдер алынган. Азыр баары катуу көзөмөлдө", - деди министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.