super.kg logo

Аламүдүндө тоноочулукка шектелип, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

 

Аламүдүн районунда тоноочулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери район аймагында болжол менен 35-40 жаш курактагы “Зуба” аттуу эркек киши тоноочулук менен алектенип жүргөндүгү тууралуу жана ок атуучу курал сакташы мүмкүн деген ыкчам маалымат алышкан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Кызматкерлер тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, жогорудагы жарандын аты-жөнү аныкталып, ал 43 жаштагы Ю.З. аттуу жаран буга чейин соттолуп, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда тургандыгы аныкталган.

Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери тарабынан жогорудагы жаран тергөө кызматына жеткирилип, тергөөдө ал күнөөсүн моюнуна алган. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө шектүү жарандын жашаган үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, кыскартылып жасалган ок атуучу курал алынган. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда шектүү жарандын дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: