Блогер Элмир Сыдымановдун сөзүнө кайрадан экспертиза дайындоо чечими чыкты



Бүгүн, 8-июнда блогер Элмир Сыдымановдун Бишкектин Октябрь райондук сотунда соттук иши уланды.
Жактоочу блогердин видеосуна кайрадан комплекстүү психологиялык-лингвистикалык экспертиза дайындала турганын билдирди.
"Сот Элмир Сыдымановго акыркы сөз бергенге чейин видеого толук түрдө жогорудагыдай экспертиза кылуу өтүнүчүмдү канааттандырды. Эми Элмирдин видеосуна кеңири түрдө экспертиза дайындалат. Бул биз үчүн аябай жакшы болду. Жыйынтыгы бир айга жакын убакытта чыгышы мүмкүн. Азыр ошол себептен соттук отурум токтотулду", - деди жактоочу Али Магеев.
Блогер Сыдымандын сөзүнө кайрадан экспертиза дайындалмай болду
Автор: Айсалкын Качкынбекова
Оператор: Элчибек Кыштообаев
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-07-06
16:05
2025-07-05

Рейтинг:
-3

Жок дегенде 1 жыл отургузуш керек эле, 6 жыл чынында коп...