super.kg logo

Республикалык штабдын жыйынында ата мекендик жеке коргонуу каражаттарын чыгаруу иштерин тездетүү зарылдыгы айтылды

 

Ата мекендик жеке коргонуу каражаттарын чыгаруу иштерин тездетүү зарыл. Тиешелүү тапшырма республикалык ыкчам штабдын жыйынында берилди. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өлкөдөгү COVID-19 боюнча эпидемиологиялык абал тууралуу отчёт берип, эң актуалдуу маселелерди айтты.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов белгилегендей, оорунун белгилери жок, илдетти кайдан жуктурганы белгисиз жарандар күн сайын көбөйүүдө.

"Бир аптада эле 31 адамда жуктуруу булагы белгисиз COVID-19 аныкталды. Алардын арасында шаардык базарлардын, банк кызматкерлеринин, ири цехтердин, бала бакчалардын кызматкерлери бар. Бул адамдар Бишкекте коомдук жайларда жуктурган деп болжолдоого болот. Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана республикалык ыкчам штабдын бет кап тагынуу жана социалдык аралыкты сактоо боюнча сунуштамаларына кош көңүл кароо кейиштүү кесепеттерге алып келүүдө", - деди Кубатбек Боронов.

Жыйындын жүрүшүндө штабдын мүчөлөрү медициналык багыттагы, анын ичинде жеке коргонуучу каражаттарды жана медициналык жабдуулар боюнча ата мекендик өндүрүштүн мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маселени талкуулашты.

Белгилүү болгондой, учурда жеке коргонуунун каражаттары боюнча тиешелүү сапат стандарты иштелип чыкты. Тармактык мамлекеттик органдарга ыкчам штабдын тапшырмаларын жүзөгө ашыруу боюнча ишти тездетүү милдеттендирилди.

"Чалдыбар - автожол" өткөрмө жайынын ишин камсыздандырууга байланыштуу жүк ташуучу унаалардын айдоочуларын текшерүү алгоритмин так аткаруу боюнча тапшырмалар берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: