super.kg logo

Сабалып, үстүнө кайнак суу куюлуп каза болгон келиндин окуясы: Баткен райондук соту маркумдун күйөөсүнө карата чечим чыгарды

 

2020-жыл Баткендеги үй-бүлөлөрдүн бириндеги үрөй учурган окуя менен башталган болчу. Тактап айтканда, 3-январь күнү саат 18:30да Баткен шаарынын Базар-Башы кварталынын 1989-жылы туулган С.Ш. аттуу тургуну менен 7 жылдан бери чогуу жашаган аялынын ортосунда чыр чыгып, чырдын кесепетинен келин каза болгону аныкталган. Ыкчам тергөө тобу облустук ооруканага барып, маркумдун жансыз денесине кароо жүргүзүшкөн. Текшерүү учурунда маркумдун колу-бутунун эти жанчылып, териси күйүктөн улам шылынган жаракаттарды көрүшкөн.

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын бири, күйөөсү аялын ала жипти аттаган деп ойлоп, аёосуз сабап, эсин жоготкондо үстүнө кайнак суу куйган деп жазган.

27-февраль күнү бул иш сотко жөнөтүлгөн болчу. Бүгүн, 9-июнда бул кылмышка шектүүгө карата соттун чечими чыкты. Баткен райондук соту соттолуучуну 15 жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алганын Баткен облустук сотунан маалымдашты.

Окуянын чоо-жайы:

4-январга караган түнү саат 01:00 чамасында Баткен облустук ооруканасына 1993-жылы туулган А.Н. аттуу тургундун жансыз денесин оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилгенин кабарлашкан. Ыкчам тергөө тобу облустук ооруканага барып, маркумдун жансыз денесине кароо жүргүзүшкөн. Текшерүү учурунда маркумдун колу-буту күйүктөн улам, этинин териси шылынган жаракаты бар экени аныкталган. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө, 3-январь күнү саат 18:30да Баткен шаарынын Базар-Башы кварталынын 1989-жылы туулган С.Ш. аттуу тургуну менен 7 жылдан бери чогуу жашаган аялынын ортосунда чыр чыгып, чырдын кесепетинен келин каза болгону аныкталган. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене (киши өлтүрүү) менен каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Маркумдун жолдошу кылмышка тиешеси бар экени аныкталып, шектүү катары кармалган. Жубайлардын ортосунда 3 баласы болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(2)
09.06.2020. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Акмак, өлүм жазасын берсе да аздык кылат. Кудай жазалайт, эки дүнүйө жаның жай албайт канкор.
14.06.2020. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ала жипти аттадын деп. Илгери ташбаран кылчу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: